Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Балыкчыда чиновниктерге иш козголду. Мурдагы мэрдин катыштыгы текшерилүүдө
18.10.2022 | 17:07
Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Балыкчы шаарынын кызмат адамдарына козгогон кылмыш ишинин алкагында мурдагы мэр Алмаз Мамбетов (учурда Ош шаарынын мэри) боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, облустук прокуратура козгогон кылмыш иши Алмаз Мамбетовдун Балыкчынын мэри болуп турган мезгилге тиешелүү.
“Балыкчы шаарынын кызмат адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча төрт кылмыш иши козголгон”, – деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Бул иш боюнча биринчи вице-мэр Азиз Асаналиев кармалып, үй камагына алынган. Кылмыш иши Балыкчы шаарындагы балык базарынын курулушуна байланышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом