Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсесинин басма сөз катчысы Лиз Тросселл Кыргызстандагы саясатчылардын жана активисттердин кармалышы жана камакка алынышы боюнча комментарий берди. Билдирүү уюмдун сайтында жарыяланды.
Белгиленгендей, дем алыш күндөрү милиция үйлөрүн тинтүүгө алып, камакка алгандан кийин Кыргызстанда активисттер менен блогерлер баш болгон 20дан ашуун адам камакта калууда. 24-октябрда алар СИЗОго эки айга камалган, аларга оор айыптар тагылган, анын ичинде массалык баш аламандык уюштуруу делгени да бар.
«Кармалгандардын басымдуусу Кыргызстандын Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо үчүн түзүлгөн топтун курамындагылар. Алар чек араны делимитациялоо боюнча келишимге ылайык өлкө өкмөтү аны коңшу Өзбекстанга өткөрүп берет деп тынчсызданышууда. Ошондой эле мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукту талап кылуу менен байланыштуу катары каралууда», — деп айтылат билдирүүдө.
«Биз бийликти эл аралык мыйзамдарга ылайык тийиштүү процессти жана адилеттүү соттук кепилдиктерди камсыз кылууну толук камсыздоого чакырабыз», — деди Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын басма сөз катчысы.
Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө бул адамдар күнөөсүз деп эсептелерин жана алдын ала камоо өзгөчө болуп, адам укуктарынын эл аралык нормаларына жана стандарттарына ылайык негиздүү, зарыл жана мыйзамда белгиленген учурларда гана колдонулушу керектигин эскертебиз.
«Ошондой эле биз бийликти кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусун жана мазмундуу маалымат алмашууну камсыз кылууга чакырабыз. Адамдардын сөз эркиндиги жана маалымат алуу укуктары, ошондой эле коомдук турмушка катышуу укугу сакталууга тийиш. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча жергиликтүү калк менен натыйжалуу кеңешүүлөрдү жүргүзүү зарыл», — деди ал Лиз Тросселл.