Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту – видео
Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Садыр Жапаров Астанага “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышууга барган.
Жолугушууда президенттер эки өлкөнүн экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташуусун талкуулаган.
Токаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүк өнүгө берерине ишеним артарын билдирген.
Ошол эле учурда Жапаров, Кыргызстан кыргыз-казак алакасын жогору баалай турганын айтып, Токаевди эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаган.
[image_carousel source=”media: 162071,162070,162069″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз