Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекке чоочун паспорт менен келген Ирандын жараны кармалды
27.10.2022 | 17:14
“Манас” аэропортунун өткөрүү пунктунун чек арачылары Испаниянын паспорту менен келген Ирандын жаранын кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал киши Бишкекке Стамбулдан келе жаткан. Паспорттук текшерүүдөн өтүүдө ал чек арачыларга испан паспортун көрсөткөн.
Документтерди текшерүүдө чек ара кызматы паспортто жарым-жартылай жасалмалоо белгилерин аныктаган.
Маалым болгондой, мамлекеттик чек араны бузган адам Ирандын жараны болуп туруп, Испаниянын паспортун колдонгон.
Кармалган адам кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз