Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту — видео

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев жолугушту — видео

Бүгүн, 27-октябрда Астана шаарында президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.

Садыр Жапаров Астанага «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммитине катышууга барган.

Жолугушууда президенттер эки өлкөнүн экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташуусун талкуулаган.

Токаев Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүк өнүгө берерине ишеним артарын билдирген.

Ошол эле учурда Жапаров, Кыргызстан кыргыз-казак алакасын жогору баалай турганын айтып, Токаевди эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>