Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кумтөр: Тогуз айда өндүрүлгөн алтындын 11,8 тоннасы сатылды
03.11.2022 | 09:00
Быйыл тогуз айда Кумтөр алтын кенинде 12 тонна 110,3 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу «Кумтор Голд Компани» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 17,3 тонна алтын өндүрүү пландалган.
Жыл башынан бери ишкана салык жана милдеттүү төлөм катары бюджетке 26,78 млрд сом төккөн.
Ошол эле учурда, тогуз айда 11 тонна 805,37 кг алтын сатылып, андан жалпы 679,8 млн доллар киреше түшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз