BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Россия: Чогуу иштеген кыргызстандыктар жапырт илдетке кабылды
29.11.2022 | 21:19
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва облусундагы «OZON» компаниясынын кампасында иштеген кыргыз жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Алынган маалымат боюнча Истра аймактык клиникалык ооруканасына КРнын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына КРнын 5 жараны жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.
Аталган жерге барган Элчиликтин кызматкери «OZON» компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту.
Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар