Жогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылды
Жогорку Кеңеш көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы жана таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечиси — депутат Дастан Бекешев.
Анын айтымында, документ таштандыларды белгиленбеген жерлерге ыргыткандыгы, үйүп салгандыгы жана өрттөгөндүгү, ошондой эле суу чарба курулуштарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти карайт. Айып пулдун ордуна альтернатива катары эреже бузгандарды коомдук жумуштарга тартуу сунушталууда.
Өзгөртүүлөргө ылайык, жарандар көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы, тазалыкты сактабагандыгы жана тиричилик таштандыларын ыргыткандыгы үчүн 20 саатка коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн. Ал эми өндүрүштүк жана медициналык калдыктарды ыргыткандыгы, ошондой эле таштандыларды жана жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуштарды белгилөө сунушталууда.
Учурдагы мыйзамдарда мындай укук бузуулар үчүн эскертүү же айып пул каралган. Бекешев белгилегендей, 5,5 миң сом өлчөмүндөгү айып пул дайыма эле натыйжалуу боло бербейт, ошондуктан аны коомдук жумуштар менен толуктоо сунушталууда. Анын айтымында, экинчи окууга карата коомдук жумуштар эрежени кайталап бузган учурда гана колдонула турган норманы киргизүү пландалууда.
Депутат ошондой эле коомдук жумуштардын аткарылышын пробация органдары жана жергиликтүү бийлик көзөмөлдөй турганын белгиледи. Мында эреже бузууларды видеобайкоо камераларынын, ошондой эле жарандардын тарткан видеолорунун жардамы менен каттоо пландаштырылууда.
Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар көзөмөлдөө механизмдеринен күмөн санап, айып пулдарды көбөйтүүнү сунушташты. Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиев билдиргендей, 2025-жылы белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандыгы үчүн 10,6 миллион сомдук 1 миң 89 протокол түзүлүп, анын ичинен 7,1 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери 4,7 миллион сомго 446 протокол толтурулуп, анын 1,8 миллиону өндүрүлгөн.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун 69 депутат колдоп, эч ким каршы добуш берген жок.