КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Трансформатор үчүн 750 миң сом алып, алдап кеткен. Шектүү кармалды
19.12.2022 | 15:13
Чүй облусунун Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-декабрда милицияга А.Б. аттуу жаран кайрылып, К. аттуу жаран алдап кеткенин билдирген.
Маалым болгондой, былтыр август айында К. аттуу жаран өзүн электрикмин деп тааныштырып, трансформатор алып берүү үчүн 750 миң сом алып, акчаны карызын төлөөгө жана өз керектөөлөрүнө коротуп салган. Бирок транформаторду алып берген эмес.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин натыйжасында шектүү делип Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз