Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын президенти болду

Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын президенти болду

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп шайланды.

Бүгүн, 19-декабрда Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн делегаттарынын кезексиз жыйыны өтүп, көпчүлүктүн добушу менен Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп шайланды.

Эскерте кетсек, буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп турган Марат Шаршекеев ноябрь айынын ортосунда өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Аталган кызматка Темир Сариев («Кыргызгипрострой» долбоорлоо институтунун» башкы директорунун экономикалык маселелер жана инвестициялык долбоорлор боюнча кеңешчиси, экс-премьер-министр), Жоодар Сайдилкан (INTEGRA Engineering Group компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси) жана Авазбек Керимбаев («Шумкар Логистик Компанинин» башкы директору) ат салышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>