Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Былтыр мамлекеттик карызды төлөөгө 33,6 млрд сом жумшалды
12.01.2023 | 19:09
Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө (тышкы жана ички) былтыр 33 млрд 606 млн сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, каражаттын басымдүү бөлүгү, тагыраагы 22 млрд 113 млн сом тышкы карызды төлөөгө кеткен.
“Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч”, – деп белгилейт министрлик.
Ошол эле учурда ички карызды төлөөгө 11 млрд 493 млн сом жумшалган.
Аталган каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика