Нарында 18-январда асынып каза болгон милиция кызматкери ички иштер органдарында 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-январь күнү саат 17:43 чамасында милицияга облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн Нарын шаарында өз үйүндө А.У. аттуу жаран асынып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Нарын облустук жана шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, Нарын шаарынын 36 жаштагы А.У. аттуу тургуну үйүнөн жипке асынып каза болгондугун аныкташкан. Сыртынан кароо жүргүзүлүп, денесинен күч колдонуу белгилери байкалган эмес.
Маркумдун ата-энеси, жакын туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, эч кимге доо-арызы жок экендигин билдиришкен.
Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маркум милициянын капитаны болгон. Ички иштер органдарында 2012-жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан.
«Ал Нарын облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири кызмат ордунда эмгектенген. Өзү сезимтал, кичипейил, ак көңүл, колунан көөрү төгүлгөн бош убактысында устачылык менен алектенген адам эле. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болгон», — деп билдиришти милициядан.
Нарын облустук милициясынын өздүк курамы маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз