КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Кубат Абдраимов «Кыргызалтынга» жетекчи болду
20.01.2023 | 17:31
“Кыргызалтын” ААКнын жаңы төрагасы шайланып, ага Кубат Абдраимов дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 19-январында директорлор кеңешинин чечими менен “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков берилген арызга ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Кыргызстандын мыйзамдарынын бардык жол-жоболоруна ылайык, Кубат Абдраимовду “Кыргызалтын” ААКнын жетекчиси кылып дайындады.
Кубат Абдраимов буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген, ошондой эле “Кыргызалтын” ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар