Милициянын капитаны өз үйүндө асынган абалда табылды. Чоо-жайы

Милициянын капитаны өз үйүндө асынган абалда табылды. Чоо-жайы

Нарында 18-январда асынып каза болгон милиция кызматкери ички иштер органдарында 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-январь күнү саат 17:43 чамасында милицияга облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнөн Нарын шаарында өз үйүндө А.У. аттуу жаран асынып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Нарын облустук жана шаардык милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, Нарын шаарынын 36 жаштагы А.У. аттуу тургуну үйүнөн жипке асынып каза болгондугун аныкташкан. Сыртынан кароо жүргүзүлүп, денесинен күч колдонуу белгилери байкалган эмес.

Маркумдун ата-энеси, жакын туугандары сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышып, эч кимге доо-арызы жок экендигин билдиришкен.

Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Маркум милициянын капитаны болгон. Ички иштер органдарында 2012-жылдан бери кызмат өтөп келе жаткан.

«Ал Нарын облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын взводунун командири кызмат ордунда эмгектенген. Өзү сезимтал, кичипейил, ак көңүл, колунан көөрү төгүлгөн бош убактысында устачылык менен алектенген адам эле. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болгон», — деп билдиришти милициядан.

Нарын облустук милициясынын өздүк курамы маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Нарында милиция кызматкери асынып алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>