Казакстандын Түркистан облусунун Арыс шаарында аскер бөлүктө жарылуу болду. Бул тууралуу жегиликтүү басылмалар жазышууда.
Алдынала маалыматка караганда окуя аскер бөлүктөгү ок-даарылар сакталган кампада болгон. Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жарылуу болгон жерге 8 өрт өчүрүү техникасы жана 30 куткаруучу жиберилгенин маалымадаган. Азыркы тапта кырсыктын кесепеттери айтыла элек.