Аскерге чакырылуучулар үчүн медкомиссия бейтапканаларга которулуп, кагаз документтерден баш тартылатБиринчи май райондук прокуратурасы балдардын укуктарын коргоо ишин көзөмөлдөөнү күчөтүүдөЕБ санкцияларынан улам Кыргызстанга «домино эффектиси» коркунучу туулууда — КуловУлуттук хирургия борборунан боорду алмаштыруудан кийинки бейтаптын абалы жана кийинки операция тууралуу айтып бериштиБишкектин бир бөлүгүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөтИнвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «ХанаЭнергия» энергетика тармагында кызматташат
Чаткалда электр өчтү. Кошумча бригада көчкүдөн өтө албай турат
17.02.2023 | 20:01
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы калың жааган кардан улам курулуш фидеринде авариялык өчүү катталып, калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 110/35/10 кВ “Жаңы -Базар” көмөк чордонунан чыккан 10 кВ Курулуш фидеринде электр жарыгы авариялык негизде өчкөн.
Ал эми азыркы учурда Ак-Таш айылында электр жарыгы жок. Айылдагы электр монтерлор текшерүү жумуштарын жүргүзүүдө. Кошумча бригада ортодогу ашуудан тынбай кар көчүп коркунуч жаралгандыктан, өтө албай турат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар