Экс-депутат Каныбек Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

24.02.2023 | 14:42

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Иманалиев Каныбек Капашович билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.

Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги КР билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Иманалиев Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

Президенттин башка жарлыгы менен Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top