Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 367 наристе жарык дүйнөгө келдиВенесуэла өзгөчө абал киргизип, АКШны аскердик агрессияга айыптадыМайлуу-Суу лампа заводунун жумушчуларынын айлык карызы январдын аягына чейин төлөнөтКыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушатЕвразиялык интеграция: жетилгендик экзамени тапшырылды. Андан ары эмне болот?Тоо боорундагы эс алуу күндөрү: кышкы адреналин издеп Бишкектен кайда баруу керек?
Кыргызстандык төрт балбан Болгариядагы мелдешке катышат
27.02.2023 | 17:08
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык төрт балбан София шаарында (Болгария) өтө турган Dan Kolov-Nikola Petrov эл аралык рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 2-6-март күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) катышат.
Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт