Баткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган
Бишкекте жаран өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылды – видео
28.02.2023 | 17:19
Бүгүн, 28-февралда Бишкекте жаш жигит өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Маалыматка карганада, кырсык Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында болгон.
Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, аларга өзүнө өрт койгон жаран тууралуу маалымат 15:50дө келип түшкөн. Жерине тергөө-ыкчам тобу барып, алдын ала аныкталгандай, белгисиз жаран өзүн-өзү өрттөгөн. Учурд анын себеби такталууда.
Окуя жерине тез жардам чакырылып, жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз