Каратэ боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Каратэ боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти Кыргызстандын Киокушинкай-Будо каратэ федерациясы менен биргеликте каратэ боюнча Ашихара боюнча чемпионат өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – чемпионаттын эң күчтүү спортчуларын жана жеңүүчүлөрүн аныктоо, Ашихара каратэсин жайылтуу жана өнүктүрүү, жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, күжүрмөн маанайды жана спорттук чеберчиликти жогорулатуу болуп саналат.

Татамиге 40 салмак категориясы боюнча 240 жаш спортчу, ошондой эле 8 салмак категориясы боюнча 100дөн ашык чоңдор чыккан.

Жыйынтыгында командалык эсепте орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун — Бишкектин «Шиноби» клубунун курама командасы (12 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль);

2-орун — Бишкек шаарынын «Каскад» спорт клубунун командасы (10 алтын, 7 күмүш жана 9 коло медаль);

3-орун — Бишкектеги «Годжу-Рю» спорт клубунун командасы (9-алтын, 6-күмүш жана 8-коло медаль).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>