Кыргыз элинин улуттук кийимдерин сактоо боюнча резолюция кабыл алынды

Кыргыз элинин улуттук кийимдерин сактоо боюнча резолюция кабыл алынды

Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-мартта “Кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү” аталышындагы илимий-практикалык конференциянын алкагында резолюция кабыл алынган.

Кыргыздын салттуу кийимдери боюнча маалыматтарды эпостордон, дастандардан, жомоктордон изилдөө иштери жүргүзүү, кыргыздын салттуу кийимдерин изилдөө максатында бардык аймактарга изилдөөчүлөрдөн атайын экспедициялар жүргүзүү, улуттук баалуулуктарды аныктоо, тактоо жана аларды колдонуунун жол-жобосу иштеп чыгуу, экспедициялардын жана архивдик иштердин негизинде топтолгон материалдарды илимий айлампага киргизип, алардын жыйынтыгын атайын илимий монография, илимий-популярдуу китептерди, каталогдорду түзүп чыгуу иштери, салттуу кийимдерге байланышкан ар кыл темада республиканын музейлеринде көргөзмөлөр жана аймактарда этнофестивалдарды уюштуруу, салттуу кийимдерди даңазалоо жана жайылтуу максатында жогорку окуу жайларында атайын дарстардын окутулушу, ошондой эле, ММК аркылуу теледастандарды ишке ашыруу менен, кол өнөрчүлөр союзун түзүү резолюциясы кабыл алынды.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Октябрь Капалбаев, Жогорку Кеңшинин депутаты Тазабек Икрамов, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты, профессор Сулайман Кайыпов сындуу бир катар белгилүү коомдук ишмерлер, тарыхчылар, ЖОЖдун өкүлдөрү, этнографтар, кол өнөрчүлөр жана жаш муундун өкүлдөрү катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>