Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Казакстанда Кыргызстандын поезди менен локомотив сүзүштү (видео)
05.03.2023 | 15:57
Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек – Самара багыты боюнча бара жаткан поезд менен локомотивдин кагылышуусунан каза болгондор жана оор жаракат алгандар жок. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, темир жолдогу кырсык бүгүн, 5-мартта болжол менен 10:20да Биршогыр станциясында болгон. Локомотив “Кыргыз темир жолу” ишканасынын поездин капталынан сүзүп, жүргүнчү поезд рельстен чыгып кеткен. Анын айынан үч вагон жабыркап, жүргүнчүлөр оор жаракат алган эмес.
Жабыркаган вагондогу жүргүнчүлөр башка вагонго көчүрүлгөн.
Маалым болгондой, поезддин ичинде Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандары, жалпы 200дөн ашык киши болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз