Калпак кийгени үчүн жазаланган прокурор. Ак калпак тууралуу кызыктуу фактылар

Калпак кийгени үчүн жазаланган прокурор. Ак калпак тууралуу кызыктуу фактылар

Бүгүн, 5-март — Ак калпак күнү. Бул күндү майрамдап, ак калпак кийүү демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, ал күн 2011-жылдан бери белгиленип келет. Ал эми 2016-жылы Жогорку Кеңеш «5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө» расмий токтом чыгарган. Бүгүнкү күнү 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары майрамдалып келет.

Бул күндү утурлай Reporter.kg ак калпак менен байланыштуу кызыктуу фактыларды топтоду.

Ак калпак кыргыздардын улуттук баш кийими. Калпак башты жайында күндүн ысыгынан, кышында сууктан сактайт.

Калпактын түрлөрү

«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок, уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.

Калпак тууралуу макалдар, учкул сөздөр

«Калпакты жерге койбо»,

«Калпагыңды жоготсоң, башыңды жоготосуң»,

«Калпагыңды сатсаң, акылыңды сатасың».

«Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил,

Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил».

Эң чоң калпак

2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерди бийиктиги эки метрден ашык калпакты жасашкан.

Ак калпакты белекке алган таанымал адамдардын арасында космоско биринчи болуп учкан Юрий Гагарин, актер Жеки Чан, Украинанын президенти Владимир Зеленский, футболчу Лионель Месси бар.

Калпакка карата ыксыз жоруктар

2017-жылы Бишкекте иттердин көргөзмөсү өтүп, анда итке калпак кийгизген айым интернетте чуу жараткан. Улуттук баш кийимди жаныбарга кийгизгендиги үчүн аны көпчүлүк сынга алган.

Ошондой эле, интернетке ак калпакты козу грилге кийгизген сүрөт чыгып, аны жасагандар да коомчулуктун сынына кабылган.

Калпак кийгени үчүн жазаланган прокурор

Окуя 2020-жылы болгон. Ош шаарынын ошол учурдагы прокурору Кубат Абдраимов 9-май күнү Ош шаарындагы Жеңиш күнүн белгилөө иш-чарасына форма менен (кызматтык фуражканын ордуна) калпак кийип барган. Анын сүрөтү интернетке тарап, аны колдогондор да, сындагандар да болгон.

Кийинчерээк Башка прокуратура өчпөс отко гүл коюу иш-чарасына форма менен калпак кийип келген Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго катуу сөгүш берилгенин билдирген. Аны менен бирге, 20-майдагы прокурорду тартип жазага тартуу тууралуу чечимге ылайык, Абдраимовдун кызматтык этиканы бузганы үчүн ага бериле турган сый акы дагы жокко чыгарылган.

Учурда Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» башкармалыгынын төрагасы кызматын ээлейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>