Кыргызстанда 4 баллдык жер титирөө катталдыКартаны сатуу түрмөгө жол ачат. Улуттук банк алдамчылык менен күрөшүүдө жаңы эрежелерди киргизүүдө. Эксперттин пикириЖарандык авиация кызматкерлери тил стандарттарын ишке ашыруу боюнча ИКАОнун жыйынына катыштыСадыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алдыИнфляция өсүүдө: Казакстандын улуттук банкы базалык ченди 18%га чейин көтөрдүАзат Салмурбек уулу Кара-Балтанын мэри болуп дайындалды
Мультимиллионер Атамбаев акчасын баннка сактабай кайда сактайт?
24.06.2019 | 17:55
Экс-преиздент Алмазбек Атамбаевдин бир да банкта жеке депозиттик эсеби, алтургай, банктык кутусу да жок. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратты.
Жолдубаеванын айтымында экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн эч ким банкка акча сактабайт. Болгону банкта бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби болсо, ал да камакка алынган.
Жолдубаеванын билдирүүсүнөн кийин интернет колдонуучулары “өзүн доолар менен миллионермин деп жүргөн Атамбаев акчасын анда кайда сактайт?” деп ар кандай таң калуу пикирлерди жазышууда.
Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 19-июнда Атамбаевдин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктагы депозиттик эсептерин текшерүүгө уруксат берүү чечимин чыгарган.
Рубрики: Жаңылыктар