Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Динара Кутманова министр кызматынан бошотулду
15.03.2023 | 15:57
Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Бул кызматты ал 2020-жылдын 12-ноябрынан тарта аркалап келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом