Бишкекте киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды

23.04.2026 | 11:01

Бишкекте 23-апрелде ИИМдин Республикалык окуу борборунда Кыргызстандагы маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өттү, деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Анын маалыматы боюнча, иш-чарага Россия ИИМдин Омск академиясынын, Беларусь ИИМ академиясынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, эксперттик коомчулуктун кызматкерлери жана ЕККУнун (ОБСЕ) адистери катышты.

Катышуучулар киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен бул тармактагы ишти өркүндөтүүнү, адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууну жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында маалымат технологиялары чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүүнү күчөтүүгө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана практикалык тажрыйба алмашууга багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана эл аралык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, ошондой эле киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы белгиленет.

Scroll to Top