Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Мончого кеткен бойдон дайынсыз болгон жаран үч айдан соң табылды
23.03.2023 | 16:47
Бишкек шаарында былтыр 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 32 жаштагы У.Ш. табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-мартта У. Ш. милицияга өзү келип, табылганы тууралуу билдирген. Буга байланыштуу издөө токтотулган.
Табылган жаран каякта болгону тууралуу маалыматты ачыктообону өтүнгөн.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-декабрда Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнө борбор калаанын тургуну кайрылып, күйөөсү 2-декабрдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Акыркы жолу байланышканда, күйөөсү мончодо экенин айткан.
Ага байланыштуу 28-декабрда шаардык милиция коомчулукка кайрылып, издөө иштерине жардамдашууну суранган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз