Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Кара-Сууда 43 окуучу ууланды
30.03.2023 | 10:18
Ош облусунун Кара-Суу районунда №101 мектептин 43 окуучусу белгисиз затка ууланды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 29-мартта болгон. Ош облустук балдар ооруканасына 43 бала кайрылып, алардын ичинен 18 бала ооруканага жаткырылган. Калганы амбулатордук дарылануудан өтүүдө.
Бүгүн, 30-мартта ооруканада беш окуучу калтырылып, калганы канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылган.
Ооруканадагы окуучулардын абалы туруктуу.
Министрликтен учурда балдардын ууланганы боюнча экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен алар эмнеге ууланганы белгилүү болорун кошумчалашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом