Бишкек — Ош жолунда баңгизат сатып жаткан эки адам кармалды

Бишкек — Ош жолунда баңгизат сатып жаткан эки адам кармалды

Бишкек — Ош унаа жолунда баңгизат сатуу учурунда эки жаран кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ИИМдин кызматкерлерине Жалал-Абад облусунда Куба аттуу жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт ОИИБде каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

18-март күнү Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында Бишкек — Ош унаа жолунда ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө А.К. жана К.И. атуу эки жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган.

Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 786 гр болгон гашиш баңгизаты болуп аныкталган.

Мындан тышкары, кармалгандардын бирине таандык «Ниссан» үлгүсүндөгү унааны тинтүү жүргүзүү учурунда дагы 48 грамм гашиш табылган. Кармалган заттын жалпы салмагы 834 граммды түзгөн.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 2-беренесинин 282-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>