Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бишкек ШИИБдин башчысы сүйлөгөн сөзү үчүн кечирим сурады – видео
03.04.2023 | 12:36
Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев сүйлөгөн сөзү үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
Ал бүгүн, 3-апрелде анын отставкасын талап кылып, митингге чыккан активисттер менен жолугушуу учурунда кызматтан өз каалоосу менен кетпей турганын билдирди.
“Мен сүйлөп жатып, бир гана “өздөрү” деген сөздү туура эмес айтып алдым. Эгер менин сөздөрүмдө ката болсо, кечирим сурайм” деди ал.
Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.
Ногойбаевдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган. Бүгүн Бишкек ШИИББнин алдында анын отставкасын талап кылган митинг болуп өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом