Үч же төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталды

Үч же төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 3-апрелдеги жыйынында бир эле учурда үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолку “балага сүйүнчү” төлөмүн берүү сунушун камтыган токтом долбоору каралды.

Аталган демилге Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо тарабынан көтөрүлдү.

Жыйында баяндама жасаган депутат Максатбек Сарбагышев Кыргызстанда акыркы 10 жыл ичинде үч эм төрөлгөн балдардын саны жүз элүү бир болсо, 5 үй-бүлөдө төрт эм төрөлгөнүн белгилеп: “Андыктан сунушталып жаткан токтом долбоору аркылуу үч же андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сомдон бир жолку акчалай жардам берүүнү демилгелеп жатабыз”, – деди.

Ал эми комитет төрайымы Винера Раимбачаева өткөн жумада Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушуна барып, жакында эле төрөлгөн төрт эмден кабар алып келгенин эске салды.

“Тилекке каршы, жашоо шарттары начар. Андыктан, мындай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, жергиликтүү бийлик органдары да жардам бериши шарт”, – деди эл өкүлү.

Талкууда жыйынга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү да сунушту колдоп, комитет тарабынан токтом долбоору кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>