Кыргызстандын ИДПсы жети айда 11,1%га өстүЭсептөө палатасынын аудити Финансы министрлигинин тутумунан 110 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады — толук маалымат«Учкун» кичи районунда ар түнү газга окшош жыт сезилүүдө — тургундарФутбол: 19-августта Кыргызстандын Суперкубогу үчүн «Барс» жана «Дордой» клубдары беттешетКара-Сууда милицияга пара берүүгө шектелип 20 жаштагы жигит кармалдыНарын коругунда боз суурлардын абалы изилденүүдө
Бишкек ШИИБдин башчысы сүйлөгөн сөзү үчүн кечирим сурады – видео
03.04.2023 | 12:36
Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев сүйлөгөн сөзү үчүн коомчулуктан кечирим сурады.
Ал бүгүн, 3-апрелде анын отставкасын талап кылып, митингге чыккан активисттер менен жолугушуу учурунда кызматтан өз каалоосу менен кетпей турганын билдирди.
“Мен сүйлөп жатып, бир гана “өздөрү” деген сөздү туура эмес айтып алдым. Эгер менин сөздөрүмдө ката болсо, кечирим сурайм” деди ал.
Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.
Ногойбаевдин бул сөзү коомчулукта катуу сынга кабылган. Бүгүн Бишкек ШИИББнин алдында анын отставкасын талап кылган митинг болуп өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом