Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарына электрондук кезек системасы киргизилет«Сапаттын» үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдөЭмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмаштыОшто жашылча-жемиштерди тоңдура турган логистикалык борбор ачылатАКШнын миграциялык борборлорунда кармалгандардын саны рекорддук деңгээлге жеттиЫсык-Атада 4 жашар наристеге зомбулук фактысы катталды
Алматыдагы мелдешке кыргызстандык 111 дзюдочу катышат
07.04.2023 | 17:03
Кыргызстандын дзюдо боюнча жаштар жана өспүрүмдөр курамасы Алматы шаарында (Казакстан) өтө турган Бекет Махмутовдун жаркын элесине арналган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, мелдеш 7-9-апрель күндөрү өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Монголия, Гонконг, Греция, Грузия жана АКШдан келген 400 дөн ашык спортчу катышат. Кыргызстандан 111 спортчу жана 25 калыс барат.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш быйыл алтынчы ирет өтүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз