Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?22-февралда Кыргызстандын кайсы шаарларында Масленица майрамы өтөт? Тизме
Идрис Кадыркулов Европадагы үч өлкөгө элчи болуп дайындалды
10.04.2023 | 14:17
Идрис Кадыркулов Киевдеги резиденциясы менен Кыргызстандын Молдовадагы, Болгариядагы жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президенти Садыр Жапаров кол койду.
“Кыргызстандын Украинадагы элчиси Кадыркулов Идрис Анарбекович Киев шаарындагы резиденциясында ишти айкалыштыруу менен Кыргызстандын Молдова, Болгария жана Румыниядагы элчиси болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом