Орто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилдиМыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт
“Тазалыктын” айдоочулары 80 миң сомдон айлык ала баштады
18.04.2023 | 22:05
«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, азыр таштанды ташуучу унаалардын айрым айдоочулары айына 80 миң сомдон жогору айлык алышса, жогорулаганга чейин айдоочулар 30-35 миң сомдун тегерегинде айлык алышкан.
Кесиптик эмгек акы – кызматкерлерге чыгарылган таштандынын көлөмүнүн эсебинен төлөнүүчү эмгек акы. Эми бир тонна таштанды үчүн таштанды ташыган айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.
Эскерте кетсек, «Тазалык» МИнин кызматкеринин эмгек акысы Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен 70%га көтөрүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом