Бишкекте 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды
Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги 9 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, болжол менен саат 07:29да “102” кызматына №33 мектептин электрондук почтасына бомба тууралуу кат келгени жөнүндө маалымат түшкөн.
Буга байланыштуу жерине тергөө-ыкчам тобу барып, мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар менен мектептин кызматкерлери эвакуацияланган.
Андан тышкары, бомба тууралуу маалыматтар № 64, 52, 67, 62 32, Бишкектеги эл аралык мектеп, «Оксфорд» жана «Сейтек» менчик мектебинин электрондук почтасына келип түшкөн. Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда.
Кийинчерээк кошумча маалымат берилет.
[image_carousel source=”media: 186790,186791,186792,186793,186794″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз