Бишкекке Европадан туристтик поезд келди
Бүгүн, 21-апрелде Бишкекке Европадан туристтер менен туристтик поезд келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.
Европадан келген туристтер Кыргызстандын кооз жерлери менен таанышып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын кыдырат. Ошондой эле, алар Кыргызстандын берметине – Ысык-Көлгө барат. Жалпысынан Европадан 60тан ашык турист келген. Алар Кыргызстанга 2 күнгө жакын болуп андан соң Казакстанга кетишет.
Ишканадан белгилешкендей, буга чейин Европадан туристтик поезд былтыр сентябрь айында келген.
[image_carousel source=”media: 186959,186960,186961,186962,186963″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз