Таласта кош бойлуу аялын сабаган кишиге соттун өкүмү чыкты

Таласта кош бойлуу аялын сабаган кишиге соттун өкүмү чыкты

Талас облусунун Кара-Буура райондук соту аялын сабаган деп айыпталган жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эркек киши уруш учурунда кош бойлуу аялын сабап салган. Натыйжада аялдын боюнан түшүп калган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ал киши аялын сабаганын мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ал жөн гана аялынын колунан катуу кармап койгон. Айыпталып жаткан С.М. чырдан кийин аялы үй жумуштарын кылып жүргөнүн айткан. Кечинде аялы аймактык милиция кызматкери менен үйгө келип, ал жолдошу тарабынан сабалганын айткан.

Жабырлануучу сотто көрсөтмө бергендей, күйөөсү чырдаша кетип, аны сабап салган. Эркек аялынын чачынан кармап, үйдүн артына сүйрөп кеткен. Ошол жерден аны сабап баштаган. Буга чейин жабырлануучунун айтымында, күйөөсү аны баарынан кызганчу. Окуядан кийин ал соттук-медициналык экспертизадан өтүп, дарыгерлерге кайрылып, дарыланган. Ага карабастан, аялдын боюнан түшүп калган.

Жыйынтыгында сот айыпталуучу адамды үч жылга шарттуу түрдө кескен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: сот Талас

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>