Бишкекке Европадан туристтик поезд келди

Бишкекке Европадан туристтик поезд келди

Бүгүн, 21-апрелде Бишкекке Европадан туристтер менен туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Европадан келген туристтер Кыргызстандын кооз жерлери менен таанышып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын кыдырат. Ошондой эле, алар Кыргызстандын берметине – Ысык-Көлгө барат. Жалпысынан Европадан 60тан ашык турист келген. Алар Кыргызстанга 2 күнгө жакын болуп андан соң Казакстанга кетишет.

Ишканадан белгилешкендей, буга чейин Европадан туристтик поезд былтыр сентябрь айында келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>