Ысык-Көлдө курал-жарактардын жашыруун жайы табылды
Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобун жана милициянын кызматкерлерин тартуу менен, 2023-жылдын 19-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылып, андан төмөнкү ок-дарылар алынды:
– 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
– 3 даана кол түтүн гранаталары;
– 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
– 1 даана сигналдык патрон;
– 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
– 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
– 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 187031,187032,187033″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз