Жайыл РИИБде жаранды эки күн бою сабашкан. Милиция эмне дейт?

Жайыл РИИБде жаранды эки күн бою сабашкан. Милиция эмне дейт?

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө эки күн бою жаранды ур-токмокко алышып, өзү жасабаган уурулук кылмышты моюнга алууга мажбурлашкан. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 18-апрелинде ЖКККБнын ишеним телефонуна Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кеңсесинде бир кишини ур-токмокко алышып, сыртка чыгарбай жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

«РИИБдин имаратына барганда эркек киши болгон эмес. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын айтымында, ал кое берилген, бирок ал каттоо журналдарында 17-18-апрелде кармалгандардын арасында көрсөтүлгөн эмес. Иш сапардан кийин Улуттук борбордун кызматкерлери жабырлануучу менен жолугушкан. Анын айтымында, 17-апрелде оперативдүү кызматкерлер аны Жайыл районунун аймактык ооруканасына кармап, РИИБге алып келип, ал жактан сабашкан.

М.Т.нын айтымында, үч-төрт кызматкер, экөөнүн аты Рысбек жана Арсен аны колу-буту менен көкүрөккө, кабыргасына жана башына уруп, башына баштык кийгизип, из калтырбоо үчүн алакандары менен бетке ургулашкан. Ур-токмокко алуунун максаты ал жасабаган уурулукту мойнуна алдыруу болгон», — деп билдирди Улуттук борбордон.

Жабырлануучу жаран Жайыл районунун прокуратурасына арыз жазып, ал жерден медициналык текшерүүдөн өтүү тууралуу чечим чыгарган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, тез жардам бөлүмүндө РИИБдин ыкчам кызматкерлери жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүп, ур-токмоктун изин каттоого тоскоолдук көрсөтүшкөн.

Ал эми Чүй облустук милициясынан 1979-жылы туулган М.Д. аттуу жарандын ур-токмокко алынышы тууралуу маалымат чындыкка дал келберин биолиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 18-апрель күнү саат 18:50дө Жайыл районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаран М.Д кайрылып, анын денеси көгөргөн, эки буту сыйрылып, алкоголдук ичимдик ичкен деген диагноз коюлган.

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобуна М.Д. аттуу жаран 17-апрель күнү Полтавка айылында жумуш учурунда денесинен жаракат алганын жана эч ким денесине залал келтирбегендиктен, эч кимге дооматы жок экенин айтып арыз жазган.

Ал ошондой эле милиция кызматкерлери ага тийишпегенин, милиция кызматкерлери тарабынан сабалды деген факты чындыкка дал келберин билдирген. Чүй ОИИБден ал соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартканын билдиришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>