Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамарасулов 101 жашында көз жумду
Жалал-Абад облусунда 23-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов дүйнө салды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Мамарасулов 1921-жылы 1-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сай-Бою айылында төрөлгөн. 20 жашында 81-атчан полктун курамында Советтик армиянын катарына кошулуп, алты айлык кенже командирлер курсун аяктагандан кийин фронтко жөнөтүлгөн. Новочеркасск, Батайск, Ростов-на-Дону, Нальчик, Бесланда согушкан.
1943-жылдан 1983-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Сакалды айылынын колхозунда эмгектенген.
“Күжүрмөн эмгеги үчүн Ата Мекендик Согуштун 1-даражасындагы ордени, Жуков медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун башка мааракелик медалдары менен сыйланган”, – деп билдирет министрлик.
Арзыгул Мамарасуловдун сөөгү туулуп-өскөн айылына коюлган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров катышкан.
[image_carousel source=”media: 187312,187310,187309″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз