Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамарасулов 101 жашында көз жумду

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мамарасулов 101 жашында көз жумду

Жалал-Абад облусунда 23-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арзыгул Мамарасулов дүйнө салды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Мамарасулов 1921-жылы 1-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сай-Бою айылында төрөлгөн. 20 жашында 81-атчан полктун курамында Советтик армиянын катарына кошулуп, алты айлык кенже командирлер курсун аяктагандан кийин фронтко жөнөтүлгөн. Новочеркасск, Батайск, Ростов-на-Дону, Нальчик, Бесланда согушкан.

1943-жылдан 1983-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Сакалды айылынын колхозунда эмгектенген.

«Күжүрмөн эмгеги үчүн Ата Мекендик Согуштун 1-даражасындагы ордени, Жуков медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун башка мааракелик медалдары менен сыйланган», — деп билдирет министрлик.

Арзыгул Мамарасуловдун сөөгү туулуп-өскөн айылына коюлган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темиров катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>