Жыл башынан бери 7 миңдей адам жумушка орношту, — министрлик

Жыл башынан бери 7 миңдей адам жумушка орношту, — министрлик

Кыргызстанда жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам ишке орноштурулган.

Эмгек рыногунун оорчулугун жеңилдетүү үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү саясатынын дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири — бул, муктаж болгон жарандарды аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тарткан учурда акы төлөнүүчү коомдук жумуштарды жүргүзүү болуп саналат.

“2023-жылдын 1-кварталы үчүн акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга убактылуу ишке орноштуруу иретинде 1,9 миң адам жөнөтүлгөн. Дагы 1,4 миң адам эмгек рыногунда эң көп талап кылынган адистиктерге кесиптик билим берүүгө багытталган. Тактап айтканда — медициналык айым, компьютердин оператору, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр чебери, массажист, котормочу, бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү, слесарь-сантехник”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кесипти тандоого Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, Чүй облусунун Сокулук районунда иштеген кесипке багыт берүү боюнча борборлор жардам берет. Бул борборлордо жарандар, биринчи кезекте жаштар кесип тандоо боюнча кеңеш ала алышат, кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтө алышат.

Министрликтен белгилешкендей, иш менен камсыз кылуу кызматтарынан бардыгы болуп 30 миңден ашык адам ишке орноштуруу, ишке орноштуруу жана кесиптик багыт алуу маселелери боюнча консультацияларды алышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>