Талас: Мал базарда эл “чөнтөкчүнү” кармады. Милиция эмне дейт?

30.04.2023 | 13:40

Бүгүн, 30-апрелде Талас шаарындагы мал базарда жоон топ адамдар “акча уурдоого” шектүү адамды кармады. Окуянын видеосу соцтармактарга жарыяланды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, эл “уурулук кылган” деп кармалган адамды ур-токмокко алып, андан кийин темир мамыга байлап койгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, эл 25-30 жаштагы адамды акча уурдады ​деп шектеп кармап​ алышкан. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Текшерүү учурунда аныкталгандай,​ өзүн 30 жаштагы Э.Ш. уулу​ деп тааныштырган жаранды эл “чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган” деп, мал базардагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап койгон.

Ошондой эле, милицияга М.И. жана К.Ж.уулу аттуу облус тургундары арыз менен кайрылып, бири 60 миң, экинчиси 6 миң сом акчасын уурдатканын билдирген.

Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмүнө алынып келген.

Белгилүү болгондой, шектүү – Ысык-Көл облусунун ​ Григорьевка айылынын ​34 жаштагы А. Э. ​ аттуу тургуну. Анын жанынан ​35,2 миң сом акча табылып алынган.

 

“Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын алкагында шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top