Талас: Мал базарда эл «чөнтөкчүнү» кармады. Милиция эмне дейт?

Талас: Мал базарда эл «чөнтөкчүнү» кармады. Милиция эмне дейт?

Бүгүн, 30-апрелде Талас шаарындагы мал базарда жоон топ адамдар «акча уурдоого» шектүү адамды кармады. Окуянын видеосу соцтармактарга жарыяланды.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, эл «уурулук кылган» деп кармалган адамды ур-токмокко алып, андан кийин темир мамыга байлап койгон.

Облустук милициядан билдиришкендей, эл 25-30 жаштагы адамды акча уурдады ​деп шектеп кармап​ алышкан. ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​ ​

Текшерүү учурунда аныкталгандай,​ өзүн 30 жаштагы Э.Ш. уулу​ деп тааныштырган жаранды эл «чөнтөккө кол салып, уурулук жасаган» деп, мал базардагы электр жарык берүүчү темир карагайга колунан​ жана белинен​ жип менен байлап койгон.

Ошондой эле, милицияга М.И. жана К.Ж.уулу аттуу облус тургундары арыз менен кайрылып, бири 60 миң, экинчиси 6 миң сом акчасын уурдатканын билдирген.

Кармалган жаран милиция кызматкерлери тарабынан милиция бөлүмүнө алынып келген.

Белгилүү болгондой, шектүү — Ысык-Көл облусунун ​ Григорьевка айылынын ​34 жаштагы А. Э. ​ аттуу тургуну. Анын жанынан ​35,2 миң сом акча табылып алынган.

 

«Ага медициналык жардам көрсөтүү максатында ​аймактык ооруканага алынып барылып, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч келтирилген жоктугу аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын алкагында шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>