Техника сатып алуу үчүн 1 мрлд сомго тендер жарыяланды

03.05.2023 | 10:05

Каржы министрлигинин Каржы-насыялык фонду атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Техникаларды сатып алууга 1 млрд сом каралган. Тендер 27-апрелде жарыяланып, арыздар 16-майга чейин кабыл алынат.

№1 экскаватор 49 даана – 629 млн сомго

№2 жүктөгүч унаа 10 даана – 46 млн сомго

№3  бульдозер 4 даана – 39,2 млн сомго

№4 жүктөгүч (манипулятору менен) 14 даана – 103,6 млн сомго

№5 жүк ташуучу унаа (седельный тягач) 8 даана – 60 млн сомго

№6 грейдер 1 даана – 6,9 млн сомго

№7 автокран 2 даана – 21,6 млн сомго

№8 бетон аралаштыргыч унаа 8 даана – 34,4 млн сомго

№9 Атайын багыттагы унаа (дренажды тазалоочу унаа) 2 даана – 30,8 млн сомго

№10 кичи автобус 5 даана  жана автобус 1 даана – 28,5 млн сомго

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top