Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?22-февралда Кыргызстандын кайсы шаарларында Масленица майрамы өтөт? Тизме
Муфтият битир-садаганын эсебинен муктаждарга 2,8 млн сом таратты
19.05.2023 | 12:06
Битир-садаганын эсебинен социалдык коргоого муктаж жарандарга 2 млн 840 миң сом таратылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалым болгондой, анын ичинен 1 млн 152 миң сому операция боло турган бейтаптарга жана майыптарга, калган 940 миң сом жетимдерге берилди.
“Быйылкы жылы Кыргызстан боюнча 54 млн сом битир-садага топтолгон. Жыйналган каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге, 15 пайызы хатибияттарга, 15 пайызы казыяттарга, калган 10 пайызы муфтиятка бөлүнгөн. Жогоруда муктаж жарандарга таратылган акча каражаты Муфтиятка бөлүнчү 10 пайыз битир-садаганын эсебинен берилди”, – деп билдиришти Муфтияттан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом