2026-жылы минималдуу эмгек акы 3 280 сом болотЖалал-Абадда «Кара-Көл» ГЭСи расмий ишке берилдиСадыр Жапаров: Кыргызстан 2,5 жыл ичинде энергетикалык көз карандысыздыкка жететБишкектин башкы планы: 2050-жылы мектеп, бала бакчалардын саны 2-3 эсеге көбөйөт«Кепилдик фонд» менен Чехиянын ардактуу консулу экспортко багытталган ишканаларды колдоо маселелерин талкуулаштыДөөлөт Сыдыков 7 саат токтобой Манас айтты
“Экстремист” операциясы. Жалал-Абаддын тургуну кармалды
24.05.2023 | 11:13
Жалал-Абад шаарында диний экстремисттик уюмдун материалдарын сактап, таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-апрелде милицияга М.М аттуу жаран интернет тармагында М.А аккаунту аркылуу тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Милициядан билдиришкендей, 22-27-майда ѳткѳрүлүп жаткан “Экстремист” операциясынын алкагында шектүү катары 29 жаштагы М.М. аттуу шаар тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом