КМШ өлкөлөрүнүн окуучуларынын гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча эл аралык олимпиадасынын тандоо этабы башталдыБыйыл үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам каза таптыБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу токтотулатКамчыбек Ташиев үч баланын энесинин өлүмүнөн кийин катуу билдирүү жасадыИлим жана жогорку билим берүү министринин милдетин аткаруучу дайындалдыКаныбек Досмамбетов Саламаттык сактоо министри болуп дайындалды
Шакиев тармактык комитеттердин төрагалары менен жыйын өткөрдү
29.05.2023 | 11:00
Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттеги тармактык комитеттердин төрагалары менен салтка айланган кезектеги жыйынды өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты.
Жыйында мыйзам чыгаруу процессине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин кароосунда турган бардык мыйзам долбоорлору маанилүү экенин белгилеп, аларды өз убагында кабыл алуу зарыл экенин белгиледи.
Ага ылайык, тармактык комитеттердин төрагаларын жана мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө чакырды.
Эскерте кетсек, парламентте 8 тармактык комитет иш алып барат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом